Кулжа 26, 2024
Убакыт: 10:42
USD
86.40
87.30
EUR
92.30
93.30
RUB
0.960
1.000

Сооронбай Жээнбеков: Ирригация түйүндөрүн кеңейтүү - бул жаш муунга багытталган улуттук долбоор (фото)

11.03.2020 16:38
1015
Сооронбай Жээнбеков: Ирригация түйүндөрүн кеңейтүү - бул жаш муунга багытталган улуттук долбоор (фото)


«Калкты таза суу менен камсыз кылуу жана ирригация түйүндөрүн кеңейтүү боюнча долбоорлор улуттук долбоорлор болуп саналат», — деп баса белгиледи президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта Исфана шаарында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары менен болгон жолугушууда баткендиктердин суроолоруна жооп берип жатып.


Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчы ичүүчү таза суу калктын саламаттыгы боюнча маселелерге түздөн-түз байланыштуу экенин билдирди.


Таза суусуз өнүгүү, инвестициялардын агымы болбостугун жана туристтер келбестигин баса белгиледи.


Ошондой эле мамлекет башчысы ирригацияны өнүктүрүү жалпы өлкөдө жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жаңы сугат жерлерин өздөштүрүүгө, миграция агымын кыскартууга өбөлгө болооруна токтолду.


«Ирригация түйүндөрүн кеңейтүү — бул келечекте өсүп келаткан муунга багытталган улуттук долбоор. Бардык ирригациялык долбоорлордун ичинен 45 пайызы Баткен облусунда ишке ашырылууда», — деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн