Бугу 04, 2024
Убакыт: 14:16
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сооронбай Жээнбеков Исфана шаарындагы Исхак Раззаковдун музейине барды

11.03.2020 15:38
1386
Сооронбай Жээнбеков Исфана шаарындагы Исхак Раззаковдун музейине барды


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-мартта Баткен облусуна болгон иш сапарынын экинчи күнүндө Исфана шаарындагы 1990-жылы ачылган көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун мемориалдык үй-музейине барды.


Мамлекет башчысы музейдин экспонаттарын көрүп чыгып, меймандар китебинде кол жазмасын калтырды.


Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдө жана социалдык-экономикалык өнүгүшүндө Исхак Раззаковдун өзгөчө ордун баса белгиледи. Үстүбүздөгү жылы Исхак Раззаковдун 110 жылдыгынын алкагында иш-чаралар жогорку улуттук деңгээлде өткөрүлө тургандыгын билдирди.


Эске салсак, 2020-жылдын январь айында Мамлекет башчысы «Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон. Өлкөнүн Өкмөтү тарабынан мааракелик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн