Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 23:03
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Сооронбай Жээнбеков: Ишкана жетекчилерине өзгөчө жоопкерчилик тагылат

28.04.2020 15:51
1102
Сооронбай Жээнбеков: Ишкана жетекчилерине өзгөчө жоопкерчилик тагылат


Ишин кайрадан баштай турган экономикалык объектилерде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо абдан маанилүү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.


Анын айтуусунда, бул багытта жергиликтүү бийлик, Саламаттык сактоо министрлиги, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция менен өз ара тыгыз иш алып барышы зарыл. Ишканалардын жетекчилерине өзгөчө жоопкерчилик тагылат.


Коопсуздук кеңешинин жыйынында биринчи вице-премьер-министр — Республикалык ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Кубатбек Боронов өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында ишкерлик субъектилеринин ишмердүүлүгүн этап-этабы менен жандандыруу жөнүндө сунуш киргизди.


Белгиленгендей, өзгөчө абалдын шартында экономикалык субъекттердин ишин жандандыруу планында объекттердин конкреттүү тизмеси, алардын кызматкерлеринин саны, иш убактысы жана кызматкерлерди жумуш орундарына жеткирүү ыкмасы так, даана көрсөтүлүшү керек.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Акылбек
Бирдик.салган.жерлерди.ачсын.5сом.деп.отурушат.аларды.да.кубалап Жатат