Президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 12-мартта Катар Мамлекетинин Эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.
Мамлекет башчылары эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. Тараптар үстүбүздөгү жылга карата эки өлкөнүн ортосундагы өз ара байланыштарды кеңейтүү боюнча орток пландарды белгилешти.
Катар тарап Кыргызстанда социалдык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн грант бөлүүгө, ошондой эле өлкөнүн экономикалык долбоорлорун инвестициялоого даярдыгын билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн