Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 03:49
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

19.03.2020 12:29
732
Сооронбай Жээнбеков Казакстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү


Бүгүн, 19-мартта президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары коронавирус инфекциясын алдын алуу жана аны жайылтпоо боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.


Кыргызстан менен Казакстандын президенттери эки өлкөнүн соода-экономикалык, социалдык, каржылык жана транспорттук чөйрөлөрүндө коронавирустан улам терс кесепеттерди жеңип чыгуу боюнча көрүлүп жаткан күч-аракеттерге өзгөчө көңүл бурушту.


Ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн кайтып келип жаткан Кыргызстан жарандарынын Казакстандын аймагында болушу жана транзиттик өткөрүү маселелери талкууланды.


Сооронбай Жээнбеков менен Касым-Жомарт Токаев коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүү боюнча биргелешкен, координацияланган чараларды улантуу зарылдыгы жөнүндө орток пикирде болушту.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн