Бугу 14, 2024
Убакыт: 22:40
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын мамлекеттеги ордун белгиледи

04.05.2020 13:51
912
Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын мамлекеттеги ордун белгиледи


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-майда Конституция күнүнүн алдында Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасы Карыбек Дүйшеевди кабыл алды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Мамлекет башчысы Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын төрагасын жана бардык кыргызстандыктарды алдыдагы майрамы менен куттуктады.

Сооронбай Жээнбеков Конституциялык палатанын мамлекеттин турмушунун туруктуулугун камсыздоодогу өзгөчө ордун белгиледи. Президент Кыргызстанда адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндигин коргоо, конституциялык көзөмөл жүргүзүү боюнча мындан аркы иштерге ийгиликтерди каалады.

Карыбек Дүйшеев Конституциялык палатанын алдында турган негизги пландар менен жакын арадагы милдеттер, анын ичинде санариптештирүү жана материалдык-техникалык камсыздоону өркүндөтүү боюнча айтып берди.

Ошондой эле ал мамлекет башчысына өзгөчө абал шарттарында Конституциялык палатанын судьялары менен Аппаратынын аралыктан иштөө режиминин уюштурулушу тууралуу маалымат берди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн