Бугу 20, 2024
Убакыт: 10:16
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат (фото)

28.04.2020 11:11
965
Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатат (фото)


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-апрелде Коопсуздук кеңешинин чакан курамда жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.


Ага айрым мамлекеттик органдардын жетекчилери жана Бишкек шаарынын мэри катышууда.


Коопсуздук кеңешинин жыйынында өлкө аймагына коронавирус инфекциясын жайылтпоо жана Кыргызстанда социалдык-экономикалык активдүүлүктү жандандыруу боюнча мындан аркы чаралар каралууда.


Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун, вице-премьер-министр Эркин Асрандиевдин, саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун жана башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү, анын экономикага болгон кесепеттерин азайтуу жана өлкөдөгү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалыматтары угулуп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн