Бугу 18, 2024
Убакыт: 19:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

01.09.2020 12:30
636
Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 1-сентябрда, мамлекеттик органдардын жетекчилеринин, өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлеринин катышуусунда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, коопсуздук кеңешинин жыйынында 2020-жылдын 4-октябрында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого даярдыктарды көрүү жана өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө маселе каралууда. 

Коронавирус инфекциясы пандемиясы шартында парламенттик шайлоону өткөрүүгө даярдык иштеринин жүрүшү тууралуу КРнын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын жана премьер-министр Кубатбек Бороновдун маалыматтары угулууда.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн