Бугу 14, 2024
Убакыт: 01:36
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Бороновго илдеттин жайылышын токтотууну тапшырды

18.05.2020 17:54
1246
Сооронбай Жээнбеков Кубатбек Бороновго илдеттин жайылышын токтотууну тапшырды


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-майда биринчи вице-премьер-министр - Республикалык ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Кубатбек Бороновду кабыл  алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Анда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралар, экономикалык активдүүлүктү жандандыруу маселелери талкууланды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов республика боюнча туруктуу-коркунучтуу эпидемиологиялык кырдаал дале сакталып жатканын баса белгиледи. Нарын облусунда оорураак абал байкалууда.

Анын маалыматы боюнча, Нарын облусуна медициналык адистердин кошумча тобу жөнөтүлдү.

Кубатбек Боронов ошондой эле көпчүлүк региондордо жуктуруп алгандар жана алар менен байланышта болгондорду аныктоо боюнча иштер жыйынтыкталганын маалымдады.

Бүгүнкү күндө чет өлкөлөрдөн келип жаткан жарандардын арасынан жуктуруп алган жаңы фактылардын саны көп катталууда. Дээрлик күн сайын чет жактан жүк ташыган чоң жүк ташуучу унаа айдоочуларынын жана чет өлкөлөрдөн келген мекендештердин арасынан коронавирус инфекциясынын жаңы учурлары аныкталууда.

Мурда Соль-Илецк шаарынан (Россия) келген Кыргызстандын беш жүздөн ашуун жаранынын ичинен азыркы тапта жүздөй адамдын анализдеринен инфекциянын бардыгы аныкталды.

Биринчи вице-премьер-министр үй карантинине жайгаштырылган адамдардын арасында белгиленген талаптарды бузуу учурлары көп болуп жаткандыгын кошумчалады.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймагында коронавирус инфекциясынын мындан ары жайылышына жол бербөө боюнча эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн