Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 11:06
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына учуп кетти

27.02.2020 10:58
602
Сооронбай Жээнбеков Москва шаарына учуп кетти


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда эки күндүк иш сапары менен Россия Федерациясынын Москва шаарына учуп кетти. Президент иш сапарынын биринчи күнүндө Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрөт, анда кыргыз-орус мамилелеринин азыркы абалы жана келечеги талкууланат. Ушул эле күнү эки мамлекеттин башчылары Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышат. Ошондой эле Сооронбай Жээнбековдун Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Россия Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуулары пландалган.

Иш сапардын алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коюп, Москва шаарынын ВДНХ аймагындагы “Кыргызстан” павильонуна барат.

 

Расмий делегациясынын курамында тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргызстандын Россиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аликбек Жекшенкулов, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев, Жогорку Кеңештин депутаттары Канатбек Исаев, Марат Аманкулов, Тынчтык Шайназаров, Евгения Строкова, Талант Мамытов, Бактыбек Турусбеков, Гүлнара-Клара Самат, Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев, Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Алмаз Кененбаев, маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов бар.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн