Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июнда Россиянын Москва шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.
Иш сапардын алкагында мамлекет башчысы Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн