Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 19:09
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

25.09.2020 09:16
957
Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү


24-сентябрда президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын gрезиденти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана мурда жетишилген келишимдерди ишке ашыруунун жүрүшү талкууланды.

Тараптар эки өлкө ортосундагы өз ара аракеттенүүнү арттыруу боюнча келечекке карай биргелешкен пландарды белгилешти.

Мамлекет башчылары ошондой эле коронавирус инфекциясынын жайылуусун алдын алууга карата биргелешкен чараларды көрүү боюнча өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн