Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Сооронбай Жээнбеков Россияга жумушчу иш сапар менен кетти

28.09.2020 09:15
1268
Сооронбай Жээнбеков Россияга жумушчу иш сапар менен кетти

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-сентябрда, Россия Федерациясына жумушчу иш сапар менен кетти. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Иш сапардын алкагында Сооронбай Жээнбеков Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, эки тараптуу кызматташуунун азыркы абалы менен келечеги талкууланат. Мамлекет башчыларынын жолугушуусу Сочи шаарында өтөт.

Кыргызстандын делгациясынын курамында: тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Аликбек Жекшенкулов.

Россия Федерациясына болгон жумушчу иш сапары жыйынтыкталгандан кийин президент Сооронбай Жээнбеков расмий визит менен Венгрияга барат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн