Бугу 08, 2024
Убакыт: 02:56
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Сооронбай Жээнбеков: Судьяларга карата даттануулар келип жатат

28.05.2020 17:21
1087
Сооронбай Жээнбеков: Судьяларга карата даттануулар келип жатат


Коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу түзүлгөн кырдаал соттордун сот жыйындарын аралыктан өткөрүүгө толук даяр эместигин көрсөттү. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиева менен жолугушууда билдирди.

Президент анын дарегине судьяларга карата даттануулардын келиши уланып жатканын, алардын көпчүлүгү ашыкча убаракерчиликке, соттук териштирүүнүн создуктурулушуна байланыштуу болуп жатканын кошумчалады.    

Мамлекет башчысы сот системасын мындан ары санариптештирүүнү, анын ичинде сот жыйындарынын бардык залдарына аудио-видео жаздыруу жана соттордо электрондук иш кагаздарын жүргүзүү системаларын толук киргизүү боюнча иштерди күчөтүүгө чакырды.

Сооронбай Жээнбеков соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу боюнча мерчемделген иштерди ушул жылдын соңуна чейин аягына чыгаруу зарылдыгын баса белгилеп, судьялардын ишинин сапатын жакшыртуу жана жогорулатуу боюнча чараларды күчөтүүгө чакырды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн