Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 13:25
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сооронбай Жээнбеков: Тынчсызданууга негиз жок, кырдаал толугу менен көзөмөлдө

18.03.2020 13:27
1997
Сооронбай Жээнбеков: Тынчсызданууга негиз жок, кырдаал толугу менен көзөмөлдө


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-мартта өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Анда мамлекет башчысы Кыргызстандагы кырдаал толугу менен көзөмөлдө экенин билдирип, кооптонууга негиз жок экенин айткан.

 

Төмөндө мамлекет башчысынын кайрылуусунун толук тексти:


“Урматтуу мекендештерим!

Дүйнөлүк коомчулук менен бирге, биз дагы коронавируска каршы күрөшүү үчүн орчундуу сыноого туш келдик.

Тилекке каршы, биздин өлкөбүздө да, бул илдетти жуктурган адамдар аныкталды.

Мындай кырдаалда мамлекеттин эң башкы милдети – жалпы элибиздин саламаттыгын сактоо.

Азыркы учурда өлкөдөгү медициналык кырдаал толук бойдон көзөмөлдө турат.

Дарыгерлерибиз тиешелүү даярдыктан өткөн, бул илдеттен кандай дарылоо керектигин билишет.

Учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана элдин чогуу аракети талап кылынат.

Мен баарыңыздарды тартипти катуу сактоого чакырам.


Бүгүн жалпы коомдун саламаттыгы үчүн ар бир жаран, ар бир ата-эне жооптуу.

Ар бир үй-бүлө өздүк гигиенанын талаптарын толук аткарышы абзел.

Зарылдыгы жок болсо, үйдөн чыкпай, башкалар менен жолугууну максималдуу кыскартуу зарыл.

Оорунун биринчи белгилери пайда болгон учурда, алгач эч жакка барбастан, телефон аркылуу врачка кайрылуу керек.

Чет өлкөдөн келген ар бир жаран обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз сактоого милдеттүү.

Айрым адамдардын бул талаптардын чегинен чыгуу аракеттерине кескин түрдө бөгөт коюлат.

Ар кандай жыйындарды, оюн-зоок иштерди, тойлорду, мааракелерди токтотуп туруу зарыл.

Мектептерде окутуу убактылуу токтотулду. Жогорку окуу жайлары аралыктан окутууга өткөрүлдү.

Чек аралар, өткөрүү пункттары, аэропорттор катуу кайтарылган тартип менен иштеп жатат.

Коомдук тартипти сактоо, өлкөнүн аймагына кирип-чыгуу иштери күчөтүлгөн тартипке которулду.


Урматтуу мекендештерим!


Азык-түлүктүн, дары-дармектин жана медициналык буюмдардын запасы жетиштүү.

Бул товарлар менен калкты туруктуу камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тынымсыз иштеп жатат. Кооптонууга себеп жок.


Бүгүнкү кырдаалга өтө жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек.

Дүрбөлөң салууга, коомдун тынчтыгын бузууга аракет кылгандар, чайкоочулук кылам дегендер, тамак-аштын жана дары-дармектин баасын негизсиз көтөргөндөр көз жаздымда калбайт.

Тиешелүү жоопкерчилигин тартат.


Азыр ар бир мекендешибиз өз кызыкчылыгын көздөбөй, “элибиз аман болсун, эл арасында мен аман болоюн” деген түшүнүктү бекем кармануусу зарыл".

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Майрам
Бир бирибизди көзөмөлдөп тартипти сактап оор учурдан өткөнгө өкмөткө таянып отуруп албай болгон аракеттерди көрүп сак бололу Аллах бизди сакта.