Бугу 19, 2024
Убакыт: 10:38
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сооронбай Жээнбеков: Тышкы карызды, анын ичинде көп тараптуу кредиторлордун алдындагы карызды терең реструктуризациялоо зарыл

28.05.2020 20:41
1098
Сооронбай Жээнбеков: Тышкы карызды, анын ичинде көп тараптуу кредиторлордун алдындагы карызды терең реструктуризациялоо зарыл


Тышкы карызды, анын ичинде көп тараптуу кредиторлордун алдындагы карызды терең реструктуризациялоо зарыл. Президент Сооронбай Жээнбеков ушундай сунуш менен бүгүн, 28-майда учурдагы түзүлгөн кырдаалда БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарына жетишүүдө өлкөлөргө колдоо көрсөтүү үчүн Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара аттуу видеоконференция форматындагы эл аралык форумда чыгып сүйлөдү.


Мамлекет башчысы экинчи этап менен саламаттыкты сактоо, социалдык колдоо жана азык-түлүк коопсуздугу тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу программасын иштеп чыгууну сунуштаган.


Мындан сырткары, экология, климаттын өзгөрүшү жана жашыл экономика тармактарындагы долбоорлорго карыз алмашуу боюнча программаларды иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгилеген.


“Булар үстүбүздөгү жылдын апрель айында Антониу Гутерриш тарабынан айтылган 6 чарага шайкеш келет. Биздин сунуштарыбыз колдоо тапса, БУУнун алкагында тиешелүү Жол картасын иштеп чыгып, кабыл алууну сунуштайм”, — деп белгилеген Президент жана азыркы кырдаал чечкиндүү чараларды, стандарттан тыш мамилелерди талап кылып жатканын кошумчалаган.


Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы пандемиясы саламаттыкты сактоонун гана көйгөйү болуп калбаганын, ал бардык өлкөлөрдүн, анын ичинде Кыргызстандын да экономикалык жактан өнүгүшүнө терс таасирин тийгизип жатканын баса белгилеген.


Коронавируска каршы көрүлүп жаткан коргонуу чаралары экономикалык активдүүлүктүн кескин түрдө төмөндөшүнө алып келгенин белгилеген.


“Кыргызстан тоолуу өлкө катары деңизге чыга албагандыктан, тышкы соода операцияларынын азайышына да туш болду. Үстүбүздөгү жылдын соңунда экономикалык өсүштүн жана бюджеттин киреше бөлүгүнүн олутуу төмөндөшү күтүлүүдө. Бюджеттик каражаттардын жетишсиздиги калктын социалдык абалынын начарлашына алып келиши ыктымал, — деп баса белгилеген Мамлекет башчысы жана мындай шарттарда БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары менен тыгыз байланышта болгон улуттук өнүгүү программаларын ишке ашыруу үзгүлтүккө учуроо коркунучунда тургандыгын кошумчалаган.


Президент Сооронбай Жээнбеков мындай кыйын кырдаалда колдоо көрсөткөн БУУ системасына жана өнүктүрүү боюнча башка өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Чоң жыйырмалык өлкөлөрүнө жана Париж клубуна Кыргызстандын мамлекеттик карыздары боюнча төлөмдөрүн токтото туруу демилгеси үчүн ыраазычылыгын айткан.


Иш-чара чет мамлекет башчыларынын, эл аралык уюмдардын, каржы институттарынын жетекчилеринин жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин катышуусунда видеоконференция форматында өтүп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн