Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 20:30
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринен кабар алды (фото)

12.03.2020 16:22
1437
Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринен кабар алды (фото)


Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Кошон Байматовдон кабар алды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.


Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерин Жеңиштин 75 жылдыгы менен куттуктап, ага бекем ден соолук жана узун өмүр каалады. Мамлекеттик органдар Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери менен катышуучуларына ар дайым өзгөчө көңүл бураарын билдирди.


«Биз ата-бабаларыбыздын эрдигин жана каармандыгын эсибизде сактайбыз. Бардык курман болгондордун, анын ичинде Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон 130 миңден ашуун кыргызстандыктын элесине таазим этебиз. Өз өмүрүн биздин келечегибиз үчүн арнагандарды эстеп жүрүүгө милдеттүүбүз», — деп баса белгиледи С.Жээнбеков.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн