Бугу 19, 2024
Убакыт: 03:55
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сооронбай Жээнбеков ЖЕЭКтин видео-конференциясына катышат

19.05.2020 10:51
1109
Сооронбай Жээнбеков ЖЕЭКтин видео-конференциясына катышат


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-майда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) видео-конференция форматындагы кезектеги жыйынына катышат, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.

Беларусь Республикасынын төрагалыгы астында өтө турган кезектеги жыйында евразия интеграциясын тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери, аны жакынкы жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттары, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары жана башкалар каралат.

Эске салсак, ЖЕЭК мүчөлөрү — президент Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко, Казакстанстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян.

ЖЕЭКтин жыйынына ошондой эле байкоочу катары Молдова Республикасынын президенти Игорь Додон да катышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн