Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 10:07
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Сооронбай Жээнбеков: “Жер казынасына байланыштуу чечимдердин аткарылышы боюнча өзүнчө сөз болот”

24.01.2020 11:46
660
Сооронбай Жээнбеков: “Жер казынасына байланыштуу чечимдердин аткарылышы боюнча өзүнчө сөз болот”

2020-жылдын 24-январында өтүп жаткан Коопсуздук кеңештин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин 2019-жылдын 14-январдагы чечими — жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө жана тоо кен казуу секторундагы көйгөйлөрдү чечүүгө багытталганын эске салды.

«Кен байлыктарды сарамжалдуу пайдалануу, экологиялык жана техникалык коопсуздукту камсыз кылуу, кен байлыктардын запастарын эсепке алуу маселелерин карадык. Айрыкча лицензия берүү системасындагы коррупцияны жоюу жолдорун сунуштадык. Тиешелүү иштерди жүргүзбөй эле, лицензияларды кайра сатуу менен алектенүүгө бөгөт кое турган жолдорду сунуштадык. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инвесторлордун ишине жасалма, бюрократиялык тоскоолдук жаратуусуна бөгөт коюу механизмин талкууладык. Бул чечимдер кандай аткарылууда, бул тууралуу өзүнчө сөз болот», - деди президент.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн