Бугу 20, 2024
Убакыт: 19:42
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Сооронбай Жээнбеков Кытайда адам өмүрлөрүн алган суу ташкынына байланыштуу Си Цзиньпинге көңүл айтты

04.08.2020 07:57
1207
Сооронбай Жээнбеков Кытайда адам өмүрлөрүн алган суу ташкынына байланыштуу Си Цзиньпинге көңүл айтты


Президент Сооронбай Жээнбеков Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпинге Кытайдын борбордук жана түштүк бөлүктөрүндөгү адам курмандыктарына алып келген суу ташкынына байланыштуу көңүл айтты.

«Көптөгөн адамдардын өмүрүн алган жана бир топ кыйроолорго алып келген Кытайдын борбордук жана түштүк бөлүктөрүндөгү масштабдуу суу ташкыны тууралуу кабарларды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстан элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан суу ташкынынын кесепетинен туугандары менен жакындарын жоготкондорго чын ниеттен көңүл айтам, жабыр тарткандарга болсо тез арада сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат көңүл айтуу телеграммасында.

Сооронбай Жээнбеков Си Цзиньпин башында турган Кытай Коммунисттик партиясынын жетекчилигинде кытай эли табигый кырсыкты сөзсүз жеңип чыгарына жана тез арада кадимки турмушту калыбына келтирерине ишенерин билдирди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн