Бугу 20, 2024
Убакыт: 18:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Сооронбай Жээнбеков арызын жазып, тынч кетүүгө даяр, - Садыр Жапаров

08.10.2020 20:11
962
Сооронбай Жээнбеков арызын жазып, тынч кетүүгө даяр, - Садыр Жапаров

Сооронбай Жээнбеков арызын жазып, тынч кетүүгө даяр экенин бир депутат аркылуу айттырыптыр. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда өкмөт үйүнүн алдындагы митингде Садыр Жапаров билдирди. 


Митингчилердин алдына чыгып сүйлөп жатып, ал  Раим Матраимов жана Сооронбай Жээнбеков менен сүйлөшүп алыптыр деген сөздөр туура эмес экенин айтты. 


«Кудайды карап туруп айтайын, эч кимиси менен сүйлөшкөнүм жок жана сүйлөшпөйм дагы. «Раим миллион» камалат. Мен азыр толук кандуу ишке кирише элекмин. Киришкенден кийин камалат. Сооронбай Жээнбеков бир депутат аркылуу айттырыптыр, арызымды жазып, тынч эле кетип калайын дептир. Мен макул болдум. Тынчтык жолу, тез жолу ушул болот. Өлкөнү стабилдүүлүккө салып кеткенге ушул гана тез жол», - деди ал. 





Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн