Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-майда өлкөнүн бизнес-ассоциацияларынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү, деп маалымдайт президенттин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, анда өлкөдөгү посткризистик мезгилде экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү маселелери талкууланган.
Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынын жайылышы республиканын макроэкономикалык абалына зыянын тийгизип жаткандыгын айткан.
«Чек араларды жабуу — тышкы соодага абдан терс таасирин тийгизүүдө. Негизги өнөктөш өлкөлөр менен жүк жүгүртүүнүн көлөмү төмөндөп, валюта рынокторунда солгундоолор жана баалардын жогорулашы да байкалып жатты. Мындай кырдаал мамлекет үчүн гана эмес, ишкерлер үчүн дагы абдан оор болууда», - деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Президент учурдагы кырдаал ата мекендик экономикадагы топтолуп калган бир катар кемчиликтерди жана көйгөйлөрдү ачыкка чыгарганын баса белгиледи.
Мамлекет башчысы мындай көрүнүштөр сабак болуп, мындан кийинки иш-аракеттерге талаптарды кайра карап чыгуу керектигин айтты. Ошол эле учурда өлкөнүн экономикасы ачык жана эркин болгондуктан, экономикалык жоготуулар менен катар артыкчылыктар да бар экендигин кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн