Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 09:43
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна иш сапары менен барды

10.06.2020 09:10
1141
Сооронбай Жээнбеков Ош облусуна иш сапары менен барды


Президенти Сооронбай Жээнбеков өлкө региондоруна иш сапарларын улантат. Бүгүн, 10-июнда эки күндүк иш сапар менен мамлекет башчысы Ош облусуна барды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапарынын биринчи күнүндө Сооронбай Жээнбеков Июнь окуясынын 10 жылдыгына карата Ош шаарына барат. Июнь окуясы маалында каза болгондорду эскерип, «Энелердин көз жашы» мемориалдык комплексине гүл коет.

Президент иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы жана Араван районундагы калкты таза суу менен камсыздоо жана ирригациялык түйүндөрдү кеңейтүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле Ош облусунун өнөржай жана айыл чарба объектилеринин ишмердүүлүгү менен таанышат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн