Президент Сооронбай Жээнбеков чек арадагы жаңжалда жаракат алган аскер кызматкерлеринен кабар алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда, Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жакында болгон курал колдонуу менен коштолгон жаңжалда жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалынан кабар алган. Анда октон жарадар болуп, Улуттук госпиталда дарыланып жаткан Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыздын ал абалын сураган. Мамлекет башчы чек арачыларга колдоо сөздөрүн айтып, алардын тез арада сакайып кетишин каалаган.
Ошондой эле президент мекенине ак ниет кызмат кылгандыгы жана Мекен чегин коргогондугу үчүн жеке ыраазычылыгын билдирген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн