Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн иниси Асылбек Жээнбековду четтеткен?

04.11.2020 21:27
8594
Сооронбай Жээнбеков эмне үчүн иниси Асылбек Жээнбековду четтеткен?

Асылбек Жээнбеков боюнча 3 жыл аралыгында көп мифтер, уламыш жана ушактар токтогон жок. Аны көрүнгөн саясий чечимдерге атын аралаштырып айтып жүрдү. Бирок реалдуулук такыр башка эле. Президент Сооронбай Жээнбеков аны саясаттан,  саясий чечимдерден дайым алыстатып, "сөз тийет, аралашпа" деп четтетип салган. 


Чындыгында Сооронбай Жээнбековдон, анын иниси Асылбек Жээнбеков саясатка мурда активдүү аралашып жүрчү.  Агасы мамлекеттик жумуштарда, чарбада көп жүргөн. 


Мунун барын эмнеге айтып жатам? Бүгүн, Башкы Прокурор суроолорго жооп  берип жатып, "Асылбек Жээнбековго кылмыш иши ачылган жок"-деген сөзү талкууга түшүп жатат. 

Ооба, ачылган жок, эмнеге ачылмак? Агасы сөз тийип калат, аралашпа деп 3 жыл бою аны чектеп салган. Иниси эле эмес, башка Кара-Кулжалыктар дагы кызматтарга бара албай, "жердешин алып келиптир деп айтат. Президентке сөз тийип калбасын"-деп жүрүштү. Анча-мынча мурда иштегендерди дагы баса калып сындашкан. Үч жыл чектөөлөрдө калган үчүн Президенттин жанына анча мынча шылуундар толуп, тегеректеп алган. 


Негизи бийликке барганда ага жакындан күйүп бышып, жардам берген бир тууганы (эгер тажрыйбасы болсо) болот экен. Акты ак, караны кара деп айтып турган. Эгерде Президент иниси Асылбек Жээнбековду аралаштырып, анын кеңешин укканда азыр балким башкача болмок. 


Ошондуктан Асылбек Жээнбековго кылмыш ачып же күнөөлөй турган эч кандай себеп жок. Ага каршы маалыматтык чабуул, каралоо кылып жаткандар Атамбаевдин троллдору. 


Мурда барып же жолугуп калганда жердеш катары бир дагы жолу андан кызмат же бир артыкчылык суранган эмесмин. Кара-Кулжалыктар дагы суранчу эмес,  сөз тийгизбейли деп. 


Бир чындыкка мен ынандым, негизи бийликке барган адам - жакындарын, туугандарын айланасына алып жүрүшү керек экен. Туугандары гана чындыкты айтат, "шеф бары жакшы" деп бөйпөлөңдөп,  маалыматты бурмалабай жеткирет. 


Асылбек аке дагы "жүзүбүз жарык болсун, сөз тийгизбейли"-деп көп айтат эле. Азыр мен терең ишенип айта алам,  эч ким "Асылбек Жээнбековго пара бердим, же ал аркылуу маселе чечтим"-деп айта албайт. 


Дайырбек Орунбеков, журналист 

Пикирлер (9)

Коопсуздук коду
Урмат
Асылбекти кайра кызматка тарткыла. Ошондо азыркы бийлик утат
Аман
Менин оюмдагы созду жазыптырда
Бектен
Асылбекти жакындан коргон эмесмин. Бирок парламентти мыкты башкарганына баарыбыз кубо болгонбуз. Агасына соз тийгизбейин деп корунбой журду. Эми агасы президенттиктен кеткенде да жон койгула
Бурма
Асылбек Жээнбеков президент болгондо азыр кырдаал башкача болмок. Агасы учун саясый карьерасын курмандыкка чалды