Бугу 05, 2024
Убакыт: 04:31
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сооронбай Жээнбеков каржы институттарынын жетекчилери менен жолукту (фото)

06.05.2020 16:38
987
Сооронбай Жээнбеков каржы институттарынын жетекчилери менен жолукту (фото)


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-майда Кыргыз-Россия өнүктүрүү фондунун (КРӨФ) башкармалыгынын төрайымы Азиз Аалиевди, «Айыл Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Бактыбек Шамкеевди, «РСК Банк» ААК башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкуловду жана «Кепилдик фонд» ААК башкармалыгынын төрагасы Малик Абакировду кабыл алды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин шарттарында өлкөнүн каржы институттарынын ишмердүүлүгү, өлкөнүн ишкердик активдүүлүгүн колдоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Каржы институттарынын каражаттары артыкчылыктуу тартипте мурдагыдай эле аймактардагы ишканаларды, анын ичинде экспортко багытталгандарын колдоого жумшалышы керектигин баса белгиледи. 2020-жылга карата негизги милдеттердин бири катары кластердик программаларды каржылоону өзгөчө бөлүп көрсөттү.

2020-жылдын биринчи кварталы үчүн Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду тарабынан 22 млн АКШ доллары суммасына 178 долбоор каржыланган. Сүт заводдорунун, логистикалык комплекстердин жана өндүрүш компанияларынын ишмердүүлүгүн каржылоо боюнча төрт ири долбоор бекитилген.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн