Бугу 13, 2024
Убакыт: 12:58
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасын кабыл алды

09.06.2020 09:15
1031
Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасын кабыл алды


Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөткө караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун (ММБФ) төрагасы Жылдызбек Исакуловду кабыл алды, деп маалымдады президенттин басма сөз кызматы.


Анда Мамлекеттик мүлктү башкаруу системасынын абалы жана аны санариптештирүүнүн жүрүшү талкууланды.


Жылдызбек Исакулов мамлекеттик мүлктү башкаруу процесстерин санариптештирүү алкагында мамлекеттин үлүшү болгон мамлекеттик ишканалар менен акционердик компаниялардын отчеттуулук жол-жоболорун автоматташтыруу жүргүзүлгөнүн маалымдады. 


Атап айтканда, фонддун жаңыртылган сайтында улутташтырылган объектилер, мамлекеттик акционердик коомдор жана ишканалар — тигил же бул жетекчинин ишмердүүлүгүн ачык баалоого өбөлгө болуучу кирешелер, чыгашалар, түшкөн пайдалар жөнүндө толук маалыматтар жайгаштырылган. Порталдын жардамы менен каалаган жаран мамлекеттик компаниянын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугу тууралуу, анын азыркы таптагы макамы жана башка иштери боюнча маалымат алса болот. 


Ошондой эле Жылдызбек Исакулов «Акционердик борбор» мекемесинин түзүлүшү, мүлктөрдү онлайн ижарага берүү боюнча соодалашууну өткөрүү аркылуу республикалык бюджетке түшкөн каражаттарды эселеп көбөйтүүгө жетишилгендигин белгиледи. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн