Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-июлда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында мекендештерин коронавирус менен күрөшүүдө дагы бир жолу жарандык жоопкерчиликке чакырды.
Мамлекет башчы азыркы убакта Саламаттыкты сактоо министрлигинин биринчи кезектеги милдети бейтаптарды ооруканалар менен обсервацияларга өз маалында кабыл алуу жана жайгаштыруу экенин белгиледи. Калк арасында санитардык ченемдерди сактоо жөнүндө түшүндүрүү иштерин улантуунун мааниси тууралуу айтты.
Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынынын жыйынтыгы менен бир катар чечимдер кабыл алынды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн