Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 12:46
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жээнбеков менен Мирзиёев чек ара жаңжалын болтурбоо чараларын көрүүнү макулдашты

02.06.2020 09:04
1115
Жээнбеков менен Мирзиёев чек ара жаңжалын болтурбоо чараларын көрүүнү макулдашты


Кечээ, 1-июнда президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Эки мамлекеттин башчылары кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде чек ара кызматташтыгы, ошондой эле 2020-жылдын 31-май күнү чек арага танапташ жерде болгон конфликттик кырдаалды талкуулашты. Сооронбай Жээнбеков менен Шавкат Мирзиёев мындан ары андай жаңжалдарды болтурбоо боюнча бардык зарыл чараларды көрүүнү макулдашты.

Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттери эки өлкөнүн элдери илгертен бери эле ынтымакта жашап, кыйын күндөрдө бири-бирине жардам берип келишкендиги боюнча орток пикирин билдиришти.

Эки мамлекеттин башчылары бир нече жолу берилген гуманитардык жардам үчүн өз ара ыраазычылыктарын айтышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн