Баш оона 21, 2025
Убакыт: 18:22
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

Сооронбай Жээнбеков парламент жыйынында сөз сүйлөйт

15.04.2020 10:07
1153
Сооронбай Жээнбеков парламент жыйынында сөз сүйлөйт


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Парламенттин жыйынында КР өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.

«Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, өкмөттүн жаңы мүчөлөрү өлкө президентинин катышуусунда  ант беришет.

Парламенттин жыйынында Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Конституциянын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, өлкө президенти Жогорку Кеңештин жыйындарында сөз сүйлөөгө укуктуу.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн