Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сооронбай Жээнбеков: "Аксы окуясы - өлкөнүн демократиялык жолундагы улуу бурулуш"

17.03.2020 09:16
944
Сооронбай Жээнбеков: "Аксы окуясы - өлкөнүн демократиялык жолундагы улуу бурулуш"


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 17-мартта 2002-жылдагы Аксы окуяларына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. 


Мамлекет башчысынын кайрылуусунда айтылгандай, 17-марттагы Аксы окуялары — өлкөнүн демократиялык өнүгүү жолундагы улуу бурулуш катары тарыхта калды. Адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштүн башаты, Март жана Апрель революцияларына түрткү болгон тарыхый окуя болуп бааланат. 


Президент белгилегендей, өлкөдө коррупция менен чечкиндүү күрөш, адилеттүүлүктү камсыздоого багытталган соттук реформа, укук коргоо органдарын реформалоо жүргүзүлүүдө.


Коопсуздукту камсыздоо, санариптештирүү, экономиканы өнүктүрүү жаатында ири иш-чаралар аткарылып жатат.


"Элибиз үчүн, эгемендүү мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн зарыл болгон реформалар ишке ашырылууда. Өлкөбүз үчүн өмүрүн сайган мекендештерибиздин элесине ар дайым башыбызды ийип, таазим этебиз. Алардын каармандыгы бизди мамлекеттеги тынчтыкты баалай билүүгө, коомдогу туруктуулукту жана ынтымакты көздүн карегиндей сактоого үндөп турат", - деп айтты президент өз кайрылуусунда.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн