Бугу 10, 2024
Убакыт: 22:43
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сооронбай Жээнбеков: "Эл кайгысынын арты менен өз атын чыгарчу мезгил эмес"

30.04.2021 19:14
1543
Сооронбай Жээнбеков: "Эл кайгысынын арты менен өз атын чыгарчу мезгил эмес"


Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусунда болуп жаткан каргашалуу окуяга байланыштуу билдирүү жасады. Ал Баткенде болуп жаткан окуялар жалпы кыргыз калкынын жүрөгүн оорутуп жатканын белгиледи.


Кайтыш болгон мекендештерибиздин жакындарына көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөөрү билдирди.

"Урматтуу мекендештерим, азыр чагымчылдыкка алдырбай, биримдикти баарынан жогору кое турган учур болуп турат. Эл кайгысынын арты менен өз атын чыгарчу мезгил эмес. Мамлекетибиздин жетекчилигинин, чек арачыларыбыздын, күч органдарынын, Баткендеги мекендештерибиздин аракетин жапырт колдойлу! Ыйык Орозо айында ар бирибиз сабырдуу бололу. Чыр-чатакка эмне себеп болгонун иликтегенге убакыт болот. Азыр элди козутпайлы. Биздин жарандык негизги колдообуз - мына ушул. Жараткан Кудай элибизге амандык, жерибизге тынчтык берсин!", - деди экс-президент.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Ссм
Сен жоон отурчу кысып