Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 18:19
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сооронбай Жээнбеков: "Мамлекеттик органдарды коррупциядан тазалоо жеткиликтүү жүрбөй жатат"

24.01.2020 11:01
689
Сооронбай Жээнбеков: "Мамлекеттик органдарды коррупциядан тазалоо жеткиликтүү жүрбөй жатат"

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук жыйынында укук коргоо органдары коррупция менен күрөшүүдө өздөрүнүн алдына коюлган милдеттерди жеткиликтүү аткарбай жатканын сынга алды. Ошол эле учурда карапайым эл коррупцияга каршы күрөштү колдогону менен аткаруу бийлиги тарабынан чечкиндүү аракеттер болбой жатканын да белгиледи.

“Мамлекеттик органдарды коррупциядан тазалоо жеткиликтүү жүрбөй жатат. Реформа деп айтканга жеңил, бирок аны аткаруу, өзүнүн сөзүнө туруу кыйын. Аны эрки бар, уятты билген, өзүнүн балдарынын келечегин ойлогон адам гана ишке ашыра алат”,-деди президент

С.Жээнбеков, мындан тышкары мамлекеттик органдардын жетекчилерин өздөрүнүн мекемесинде коррупциянын жоюуда олуттуу иш кылбай жаткандыктары үчүн айыптады.

“Биз мамлекеттик жана укук коргоо органдарындагы көмүскөдөгү системалар, пара алуу, коррупция, мыйзамсыз схемаларды көрүп жатабыз жана окуйбуз. Силер аны эч ким билбейт деп ойлойсуңарбы? Бардыгы билишет аны. Мына ушундай окуялардан улам бүтүндөй мамлекеттин аброюна шек келип жатат. Бул мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын жетекчилеринин өздөрүнүн мекемелеринде жана министрликтеринде коррупция менен күрөшүүдөгү көңүл коштугунун жыйынтыгы болуп саналат”, - деди ал.

   

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн