Бугу 15, 2024
Убакыт: 08:43
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Асрандиевди кабыл алды

18.04.2020 17:46
966
Сооронбай Жээнбеков вице-премьер-министр Асрандиевди кабыл алды


Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-апрелде вице-премьер-министр Эркин Асрандиевди кабыл алды, деп маалымдады президенттин басма сөз кызматы.

Учурдагы макроэкономикалык кырдаал, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында ишкерликти колдоо боюнча чаралар, постпандемиялык мезгилге пландар талкууланды.

Мамлекет башчысы коронавирус инфекциясынан улам түзүлгөн кыйын кырдаал күндөлүк турмуштун көп жактарына терс таасирин тийгизгенин белгиледи. Туруктуу өнүгүү факторлорун кайрадан баалоо жүрүп жатат.

Кыска мезгил аралыгында бүткүл дүйнө жүзүндө башкаруудагы кемчиликтер менен алешемдиктерди саламаттык сактоо, билим берүү жана калкты социалдык жактан колдоо системалары көрсөттү. 

Мындан улам Сооронбай Жээнбеков орто мөөнөттүү келечекке өлкөнүн стратегиялык өнүктүрүүнүн негизги багыттарын тууралап, кайра карап чыгуунун, түзүлгөн кырдаалды эске алуу менен чечкиндүү реформаларды жүргүзүүнүн зарылдыгын белгиледи.

Постпандемиялык мезгилде ата мекендик экономиканын ырааттуу, туруктуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн жакынкы жылдарга стратегиялык максаттар жана багыттар чагылдырылган узак мөөнөттүү Экономикалык концепцияны иштеп чыгуу зарылдыгына көңүл бурду.

Аталган концепция жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана заманбап чакырыктарга таянуу менен дүйнөдөгү жана региондогу кырдаалдын өнүгүшүн эске алуу менен иштелип чыгышы керек.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев азыркы тапта ишкерлерге фискалдык, каржылык жана административдик колдоо боюнча чараларды өзүнө камтыган өкмөттүн кризиске каршы чараларынын экинчи пакетин иштеп чыгуу аягына чыгып калганын маалымдады.

Аталган чараларды ишке ашыруу 2020-жылдын аягына чейин мерчемделген жана ишкердик жүргүзүү шарттарын жеңилдетүүгө багытталган. Ал бул максаттарга 14 млрд сомдун тегерегиндеги суммада ички жана сырткы булактар аныкталганын айтты.

Ошондой эле Эркин Асрандиев бизнеске жеңилдетилген каржылоо шарттарын камтыган өзүнчө долбоорлор менен программалар иштелип чыгып жаткандыгын баса белгиледи.

Мындан сырткары, посткризистик мезгилде өнүктүрүү программаларын жана социалдык-экономикалык түзүмдүк реформалар пакетин иштеп чыгуу үчүн эксперттерден, ишкерлер коомчулугу менен илимий чөйрөнүн өкүлдөрүнөн турган жумушчу топ түзүлгөнүн маалымдады.

Вице-премьер-министр бул иштер ишкерлердин, донорлордун, жарандык коомчулуктун сунуштары жана демилгелерин эске алуу менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлө тургандыгын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн