Президент Сооронбай Жээнбеков республиканын көп балалуу энелерин “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы менен сыйлоо жөнүндө Жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Конституциясынын 64-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык жети жана андан көп баланы толук кандуу тарбиялаган 1014 эне “Баатыр эне” ордени, алты баланы толук кандуу тарбиялаган 519 эне — “Эне даңкы” медалы менен сыйланат.
Ал эми Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн