Бугу 21, 2024
Убакыт: 13:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү бийликти эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга чакырды

10.03.2020 15:09
1178
Сооронбай Жээнбеков жергиликтүү бийликти эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга чакырды


Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков 2024-жылдын соңуна чейин жалпы өлкө боюнча калкты таза суу менен камсыздоо маселеси этап-этабы менен чечилерине ишендирип өттү. Ал мындай убадасын бүгүн, 10-мартта Баткен шаарына жасаган иш сапары учурунда айтты.


Президент жергиликтүү бийлик менен мамлекеттик тармактык органдарды аталган багытты өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөр менен жигердүү кызматташууну улантууга чакырды.


Акыркы жылдарда өлкөдөгү 107 айыл таза суу менен камсыздалган. Каржылоо булагы, анын ичинде эл аралык каржы институттарынын эсебинен каржылоо аныкталган 588 айылдын тизмеси түзүлгөн. 2024-жылга чейин 715 айылдагы ичүүчү таза суу менен жабдуу тутумдарынын курулушун бүткөрүү, колдонулуп жаткан инфратүзүмдү жаңылоо зарыл. 


Калкты таза суу менен камсыздоо долбоорлорун ишке ашырууга ар жылы республикалык бюджеттен каражат бөлүнөт жана бул тармакты өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөрдөн инвестиция тартуу багытында жигердүү иштер жүргүзүлүп келет, деп билдиришти президенттин аппаратынан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн