Бугу 20, 2024
Убакыт: 23:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Сооронбай Жээнбековдун Талас облусундагы иш сапарынан фоторепортаж

24.07.2020 08:57
964
Сооронбай Жээнбековдун Талас облусундагы иш сапарынан фоторепортаж


Президент Сооронбай Жээнбеков өлкө аймактарына иш сапарларын улантууда. Кечээ, 23-июлда мамлекет башчысы Талас облусуна бир күндүк иш сапары менен барды.

Анда Талас шаарындагы 100 койко-орундуу күндүзгү стационар менен Талас районунун Көк-Ой айылындагы кароосуз калган үй-бүлөлүк медициналык борбордун имаратын көрүп чыкты. 

Ал ошондой эле Талас районунда Көк-Кашат айылындагы дыйкан чарбанын ишмердүүлүгү менен таанышып, Таш-Арык айылындагы жаңы бала бакчанын имаратын көрдү.

Мындан сырткары, Бакай Ата районундагы «Победа» трансформатор көмөк чордонунун иши менен таанышты.

Мамлекет башчысы аймактарды өнүктүрүү мамлекеттик саясатынын алкагында жер-жерлердеги ишкерлерди колдоону күчөтүү өлкөнүн экспорттук потенциалын көтөрүүгө жакшы таасир тийгизе тургандыгын баса белгиледи.

Мындан сырткары, президент мындай кыйын мезгилде биринчи кезекте бардык медицина мекемелерин электр кубаты менен үзгүлтүксүз камсыздоо өзгөчө маанилүү милдет экенин белгиледи.

Иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы ошондой эле «Манас-Ордо» улуттук комплексине зыярат кылды.

Сүрөттөр президенттин басма сөз кызматынан алынды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн