Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун фонду Баткен облусунун чек ара аймагында жайгашкан айылдарына жардам көрсөттү.
Фонд чек арада чыккан жаңжалдан кийин эле 2-майда жабыркаган үй-бүлөлөргө 20 тонна ун жөнөткөн. Ошол эле учурда 500 миң сом акчалай да жардам көрсөткөн.
Эске салсак, кыргыз-тажик чек арасында чыккан чыр-чатактан улам жүздөгөн кыргызстандык жабыркап, 36 адам каза болгон, алардын ичинде жаш балдар да бар.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн