Бугу 17, 2024
Убакыт: 15:36
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Сооронкулова: Октябрь окуясын экинчи революция деп атабагыла

12.05.2021 16:19
1466
Сооронкулова: Октябрь окуясын экинчи революция деп атабагыла


Ж.Молдокматов 5-6 октябрда шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу максатында массалык баш аламандыкты уюштурган деп айыпталып жатыптыр. Андай болсо, баарыбызды камагыла. Массалык баш аламандыкка катышпаган партиянын лидери  калган жок. Алардын ичинде С.Жапыкеев, К.Ташиев, А.Сулайманов, Т.Асанбеков, М.Мамытканов, Э.Сурабалдиева, М.Жээнчороев, Ж.Акаев жана толгон токой башкалар. Кимиси айта алат, мен катышкан жокмун, үйдө жаттым деп. Октябрь окуялары кылмыштуу аракет болсо, анда мыйзамдуулукту кайрадан орноткула, С.Жапаровду колонияга кайтаргыла, С.Жээнбековдун президенттигин оордуна койгула, "Биримдик" менен "Мекеним Кыргызстанга" мандаттырын бергиле. Экинчи октябрь окуясын революция деп атабагыла.


Клара Сооронкулова

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Мир
Туура