Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 02:21
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сопоковдун ордуна Тышкы иштер министринин орун басары баратат

17.03.2020 14:44
1095
Сопоковдун ордуна Тышкы иштер министринин орун басары баратат


Мурдагы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Германия Федеративдүү республикасына Кыргызстандын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп баратат.


Абдылдаевдин талапкерлиги бүгүн  Жогорку Кеңештин эл аралык мамилелер, коргонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында каралып, жактырылды.


Депутаттар биринчи кезекте Эрлан Абылдаевдин дипломатиялык чөйрөдөгү тажрыйбасын эске алышканын айтышат.


Ошондой эле комитеттин жыйынында Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугуна, Тышкы иштер министринин орун басары Нурлан Абрахмановдун талапкерлиги жактырылды.  


Мурдагы Стамбулдагы Кыргызстандын Башкы консулу Эркин Сопоков,  Айэркен Сайматинин өлүмүнөн кийин кызматтан алынган.


Кийинчерээк Сопоков “Адам өлүмүнө кол салуу” беренеси боюнча камака алынган.


Чуулуу ишкер Айэркен Саймати киши колдуу болуп өлгөн учурда, Башкы консулдуктун дипломатиялык номурлуу унаасы менен жүргөнү дагы белгилүү болгон. Учурда бул кылмыш иши боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн