Тогуздун айы 11, 2024
Убакыт: 14:23
USD
85.35
85.85
EUR
92.80
93.80
RUB
0.875
0.915

Сосновка менен Кара-Көл пунктарында унаалардын кышка даярдыгы текшерилет

11.10.2024 11:26
25
Сосновка менен Кара-Көл пунктарында унаалардын кышка даярдыгы текшерилет


Тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулар унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштыруусу зарыл. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Министрлик Сосновка жана Кара-Көл пункттарында унаалардын кышка даярдыгы текшерилип, талапка жооп бербегендер артка кайтарыларын эскертти.

Ошондой эле министрлик алыс жолго сапарга чыга турган айдоочуларга бир катар кеп-кеңештерин берди:

  • жолго чыгарда унаада музга туруштук бере турган атайын чынжырча болуусу керек;
  • ашуу аралап баратып, кокус авариялык абалга кептелген учурда унаа токтотууга коюлган ташты дароо жол боюнан алып коюуңуз. Анткени ал жол кырсыгы коркунучун гана туудурбастан, жасалма транспорт тыгынын да жаратат;
  • кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпоо кажет. Мында эреже гана бузулбастан, жол тазалаган унаалардын кыймылына катуу тоскоолдук жаралат;
  • унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоо - кырсыкты алдын алып, жол коопсуздугун камсыздайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн