Бүгүн , 29-октябрда саат 12:35ке карата Бишкек - Ош унаа жолунун 81 чакырымындагы Сосновка постунда жана Төө-Ашуу ашуусунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда көпчүлүк унаалар жайкы дөнгөлөктөрү менен жолго чыгып алганадыктан каттамда кыйынчылык жаралып, тыгындар болууда. Ошондой эле атайын техниканын жумушуна тоскоолдук жаралууда.
№9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан жолду кардан тазалоо жана кум-туз аралашмасын себүү иштери жүргүзүлүүдө.
Министрлик ашуу тилкелерге сөзсүз кышкы дөңгөлөк менен чыгууну, тайгакка каршы чынжырларды алып жүрүүнү жана 500 метр аралыкты сактоону эскертет.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн