Бугу 15, 2024
Убакыт: 11:56
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Сосновка жана Арал постторунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

23.11.2023 11:18
275
Сосновка жана Арал постторунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди


Аба ырайынын кескин начарлашына байланыштуу Сосновка постунда таңкы саат 04:30дан тарта жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азырка тапта Бишкек - Ош унаа жолунда кар жаап, Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери тазалоо жана кум себүү иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.

Ошондой эле Токтогул районундагы Арал постуна дагы жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилгени маалым болду.

"Өлкөнүн башка ашууларында да жааган кар жолчулар тарабынан дароо тазаланып, инерттик материалдар себилип жатат. Каттам бар. Чынжыры жок жана жайкы дөңгөлөк менен чыккан унаалар жолчулардын ишине тоскоол болуу менен жасалма тыгын жана авариялык абал жаратууда", - деп айтылат маалыматта.

Мындан улам Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн