Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 20:52
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Сот Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу министрликке экспертизалык кат жөнөтөт

18.01.2021 17:26
764
Сот Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу министрликке экспертизалык кат жөнөтөт


Бүгүн, 18-январь Биринчи Май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кылмыш иштери боюнча соттук процесс өтүп, ага айыпталуучу Атамбаев ден соолугуна байланыштуу келген эмес.


Буга чейин жактоочу Замир Жоошев Алмазбек Атамбаевге каршы иш материалдарын өзүнчө өндүрүшкө бөлүп берүү өтүнүчүн келтирген.


Жабырлануучу тараптын жактоочусу соттон мурунку мамлекет башчысына комиссиялык экспертиза дайындоону суранды.


Кеңешүү бөлмөсүнөн чыгып, судья Азирет Медеров адвокаттардын өтүнүчүн канааттандыруудан баш тартты. Бирок, соттун айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлигине айыпталуучуга экспертиза жүргүзүү тууралуу кат жөнөтүлөт. Тактап айтканда, дарыгерлер Алмазбек Атамбаевдин так эмнеден ооруп жаткандыгы жана сот ишине катыша алабы же жокпу деген корутунду бериши керек.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн