Бугу 06, 2024
Убакыт: 20:16
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

Сот Алексей Навальныйга карата өкүм чыгарды

03.02.2021 08:04
524
Сот Алексей Навальныйга карата өкүм чыгарды


2-февралда Москва шаардык соту оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйга карата өкүмдү окуду. Анда аны колонияга жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынды. Бул тууралуу орус басылмалары жазды.


Навальныйга карата чыккан 2014-жылкы өкүм кылынган шарттуу кесүү эми үч жарым жыл түрмөгө алмаштырылды. Саясатчы жабык жайда эки жарым жыл жаза өтөйт. Ал жети жыл мурун бир нече ай үй камагында отурган.


Сот Навальный шарттуу жазага ылайык алынган милдеттенмелерди аткарган эмес деп тапкан.


Ошол эле убакта Москва сотунун имаратынын сыртында Навальныйдын колдоочулары топтолгон. Алардын бир канчасын милиция кармап кетти.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн