"Мызамдагы ууру" Азиз Батукаевдин бошотулушу боюнча Биринчи Май райондук соту Алмазбек Атамбаевдин ишин кайрадан карай баштады. Бул тууралуу Замир Жоошев 24.кг агенттигине билдирген.
Маалыматка ылайык, жактоочулар Атамбаевди үй камагына чыгарууну өтүнүшкөн. Бирок сот алардын өтүнүч четке кагып, Атамбаевди 7-апрелге чейин камакта кармоо чечимин кабыл алган.
Эске салсак, Батукаевдин бошотулушу боюнча Жогорку Сот ишти кайра кароо үчүн Биринчи Май райондук сотун жөнөткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн