Бугу 20, 2024
Убакыт: 17:12
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Сот Атамбаевдин өтүнүчүн четке какты

28.01.2021 18:00
632
Сот Атамбаевдин өтүнүчүн четке какты

Биринчи май райондук соту 28-январда кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти кароону улантты. 

Алмазбек Атамбаевди үй камагына чыгарууну адвокаттары Сергей Слесарев менен Замир Жоошев өтүндү. Бирок сот алардын өтүнүчүн канааттандырган жок. Бул тууралуу Биринчи май райондук соту билдирүү таратты.


Маалыматка ылайык, сот бул иш боюнча 2020-жылдын июнь айында Атамбаевди 11 жыл 12 айга кескен. 30-ноябрда Жогорку сот ишти кайра кароого жөнөткөн.


Атамбаев ушул тапта Бишкектеги №47 колонияда отурат. Ал 28-январдагы сот прецессине барган жок. Ошондой эле айыпталуучу гематолог-дарыгер Абдухалим Раимжанов да барбагандыктан соттук отурум 3-февралга жылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн