Бугу 05, 2024
Убакыт: 05:49
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сот Атазовдун алган 17 миң добушун коргоо үчүн Алимбеков алган 19 миң добушту жокко чыгарыш керекпи?..

14.12.2021 18:56
2756
Сот Атазовдун алган 17 миң добушун коргоо үчүн Алимбеков алган 19 миң добушту жокко чыгарыш керекпи?..


Шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон Шайлообек Атазов БШКны сотко берди.

Бүгүнкү соттук отурумда жыйынтык чыкпай эртеңкиге жылыптыр. Соттон чыгаары менен Атазов «Фейсбук» баракчасына: «Бүгүнкү соттук отурум эртеңкиге жылды, биз подкуп болгонун, шайлоодогу мыйзам бузууларды далилдеп бетине коюп бердик…», - деп   жазып чыкты.

Ошол ɵзү айтып аткан мыйзам бузууну эмнеге шайлоо учурунда айта алган эмес?!

Эмне үчүн ошол маалда мыйзам бузган тарапты сотко бере алган эмес?!


Анан ɵтпɵй калгандан кийинки таарынычы менен жɵɵ жомокторду токуп чыга берсе жарашабы? Атазов менен Алимбековдун алган добуштарынын ортосундагы айырма 50 же 100 добуш эмес 1,5-2 миң добуштун тегерегиндеги айырма менен утулуп атат да. Анан да эң кызыгы Шайлообек Атазов: «Мен элдин мага берген 17 миң добушун коргошум керек!», - деп тɵш кагып жүрɵт. Ооба, эл ишеними менен 17 миң добуш алыптыр. Алимбеков чыгып алып: «Атазов 17 миң добуш алган жок же Атазовдун 17 миң добуш алганына ишенбейм» деген жок да. Туура бирɵɵ 17 миңге жакын добуш алыптыр, бирɵɵ 19 миңге жакын добуш алыптыр. Ким канча миң добуш алса дагы бир добуш ашык алган талапкер жеңишке жетишиш керек эмеспи туурабы?! Шайлообек мырза 17 миң добушун коргойм деп чуу салып жүрɵт, анда берки Алимбеков алган 19 миң добуш жокко чыгып кетиш керекпи? Логика менен ой жүгүртүп анан чуу салбайлыбы, ыя, кандай дейсиздер?

Пикирлер (6)

Коопсуздук коду
Парман
Туура, Алимбеков тырышпай эркече шар жүргөндө колдоп, Атазовдун 1 аптада акмагын чыгармакмын. Үй салып жатканда тааныш брат катары жыгачты скидка кылып бер дегенде каадаланган. Ар кайсы шылтоону айтып кутулган. Эркекче шар жүр да битирленбей, же томаяк болсоңчу.
Нускат Акматов
Шайлообек Карыбекович эркек болуш экен кычапас кылбай утулуп алып туруп.
Ислам
Нурбек Алимбеков таза женишке жеткен
Бектур
Нурбек Алимбеков көп жакшы иштерди кылды, оозу мн иш кылбай Атазов иш жүзүндө иш кылса жакшы болот эле Сагызгандай сайрабай ...
Акмарал Токтосуновна
Бул шайлоо мурункуларга караганда ото таза жана тынч отту, биздин мамлекет учу чон жылыш болду. Нурбек Каарыевич экрандан аз чыгып элеге коп корунбосо ал иштеген жок денен эмес, элге кылган жакшылыктарын коп билдим ..... Менин тандоом Алимбеков Нурбек Каарыевич