Бугу 05, 2024
Убакыт: 12:18
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Сот Атазовдун өтүнүчүн четке какты. Төлөйкөн округунан Нурбек Алимбеков депутат болот

15.12.2021 14:03
3686
Сот Атазовдун өтүнүчүн четке какты. Төлөйкөн округунан Нурбек Алимбеков депутат болот

Бүгүн, 15-декабрда Бишкек шаардык Административдик соту Шайлообек Атазовдун өтүнүчүн четке какты. Бул тууралуу Нурбек Алимбековдун штаб башчысы Нурлан Орозбаев билдирди.


Анын айтымында, сот  БШКнын чечимин жокко чыгаруу жана добуш сатып алуу фактыларын карап чыгып өтүнүчү менен кайрылган  Атазовдун өтүнүчүн четке какты. Атазов Нурбек Алимбеков добуш сатып алды деп жүйө келтирген материалдар укук коргоо органдары тарабынан текшерилип андан мыйзам бузуу катталган эмес.


"Урматтуу Төлөйкөн шайлоо округунун шайлоочулары, бүгүн Бишкек шаардык Административдик соту ишти карап, Нурбек Алимбековго карата коюлуп жаткан дооматтар негизсиз экенин билдирген чечим чыгарды.

Биздин штаб эч кандай мыйзам бузууларга барган эмес экенин сот дагы далилдеди.

Президент Садыр Жапаровдун таза шайлоо өткөрүү демилгесине жана биздин талапкерди колдогон бардык шайлоочуларга ыраазычылык билдирем",- деди Орозбаев.

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Жакыпбаева Дүйүмкан
Туура чечим.Эки жигитке тең ден соолук,ийгилик каалайм.Касташууну эмес достошууну каалайм
Дамир
Жалко болуптур