Бугу 18, 2024
Убакыт: 09:56
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Сот БШКнын чечимин жокко чыгарды. "Бүтүн Кыргызстан" партиясы шайлоого катышат

09.09.2020 20:19
1041
Сот БШКнын чечимин жокко чыгарды. "Бүтүн Кыргызстан" партиясы шайлоого катышат

Бишкек шаардык административдик соту "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын доо арызын карап, шайлоого катышууга уруксат берди. Мындай чечим бүгүн, 9-сентябрда соттун отурумунда кабыл алынды. 


Анда "Бүтүн Кыргызстан"  партиясын шайлоо жарышынан четтетүүгө "макул" жана "каршы" добуш берген БШКнын мүчөлөрүн күбө катары чакырууну суранышкан.


Күбө катары БШКнын мүчөлөрү Атыр Абдрахматова, Алмаз Асаналиев, "Бүтүн Кыргызстандын" съездине катышкан БШКнын өкүлү Тагай Абдысатаров көрсөтмө берди.


Соттун чечими менен "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) чечимин жокко чыгаруу боюнча өтүнүчү канааттандырылып, БШКнын чечими мыйзамсыз деп табылды. 




Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн